KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл райондук сотунун төрайымы ачык сабак өткөрдү

06 декабря 2019

Ысык-Көл райондук сотунун төрайымы Мээрим Акматова, З.Бектенов атындагы Кыргыз-түрк лицейинде, Кыргыз Республикасынын Сот тутумунун 95-жылдыгына карата “Кыргыз Республикасынын сот тутуму” аттуу темада ачык сабак өткөздү.


Ачык сабактын жүрүшүндө балдар Кыргыз Республикасынын сот системасынын түзүлүшү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү соттордун ыйгарым укуктары жана сот отурумун жүргүзүү тартиби тууралуу маалымат алышты.


Слайд шоу аркылуу жогорку класстын окуучуларына «Кыргыз сот аялдар ассоциациясы» коомдук бирикмеси тарабынан даярдалган «Мен Кыргызстандын сот системасы жөнүндө билем» аттуу колдонмонун негизинде презентация өткөрүлүп, жыйынтыгында бардык окуучуларга таратылды.