Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Г.Калиеванын аксакалдар соту менен чогу иш алып баруу, иштөө жагын уюштуруу тапшырмасынын негизинде 2019-жылдын 14-августунда Талас облусунун Манас райондук сотунун Төрагасы тарабынын Кыргыз Республикасынын Манас районунун Кайынды, Покровка, Үч-Коргон, Май жана Кыргызстан айыл аймактарында жайгашкан аксакалдар сотторунун төрагалары жана мүчөлөрү менен соттун имаратында жолугушуу жүргүзүлдү. Ал жолугушууда азыркы күндө аксакалдар сотунун коомдогу орду, алардын иштери жана келип түшкөн материалдарды кароо тартиби, негиздери, сот жыйналышын ачуу тартиби, чыгарылган чечимдердин аткарылышына өздөрү көзөмөл жүргүзүү, жарандарды туура кабыл алуу менен жылуу мамиле жасоо, ар бир түшкөн арызды журналга каттоо туурасында билдирүү жасалды. Жолугушуунун жыйынтыгында, райондогу ар бир айыл аймагынын башчылары менен тез арада жолугушуу өткөрүп, аксакалдар сотторунун ар бирине, айыл аймагынын имаратынан бирден иш бөлмө берүү жагын төрага сунуш кылаарын билдирди.