KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына  катышты

14 декабря 2018

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева   бүгүн, 14-декабрда Кыргыз Республикасында санарипти өнүктүрүү боюнча чараларды караган Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында  катышты.


Кыргыз  Республикасынын Жогорку  сотунун Төрайымынын  сүйлөгөн сөзү толугу менен берилет:


Урматтуу Сооронбай Шарипович,


Урматтуу Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү,


 Отурумдун катышуучулары!


 


Бүгүн өлкө үчүн  кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачып жаткан  санариптик технологияларды колдонуу боюнча маанилүү маселе талкууланып жатат.


Санариптештирүү    сот тутумун дагы өзүнө камтып, өзгөрүүлөрдөн  артта  калбашы  керек. Мында жарандардын  укугун коргоо жана  соттордун  ишинин эффективдүүлүгүн  жогорулатат.


Жаңы  санариптик технологияларды колдонуу, ошондой  эле    жарандардын  конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн  жагымдуу шарттарды түзүп, коррупцияны  төмөндөтүп,   бардыгы үчүн сот адилеттигинин сапатын жакшыртып,  соттордо ишти кароону тездетет.


Бүгүнкү күндө  ар бир жергиликтүү сотко  оптоволокондук линия өткөрүлүп,  интернетке кошулган. “Түндүк”  ведомстволор аралык электрондук өз ара  иштей турган системаны пайдаланууга дагы мүмкүнчүлүк түзүлгөн.  Көпчүлүк соттордо  видео байкоолор орнотулуп,  мекемеге кирүү жана каттоо көзөмөлгө алынган.


Жогорку соттун сайты  түзүлүп,  анда соттук актылар жайгаштырылат. 2018-жылы  сайтка миңден ашык колдонуучу кирген.


Конституциялык  палатанын өзүнүн сайты бар,  анда алардын бардык чечимдери жайгаштырылган. Ошондой  эле,  электрондук  иш өндүрүшү боюнча программасы  иштеп  жатат.


Ал  эми Жогорку сотто   ишти бөлүштүрүүнүн автоматташтырылган системасы иштеп жатат.


Маалымат  технологияларынын биздин  жумушка киргизилиши төмөндөгү өзгөрүүлөргө  алып келди:


-Сот тутуму ачык-айкын боло баштады;


-Биздин  сайтыбыз болушунча маалыматтуу болуп  калды;


-Ички   электрондук иш кагаздарды жүргүзүү жөнөкөйлөштүрүп жана судьялардын  иши  тартипке  салынууда;


Сот тутуму  жеткиликтүү  болушу  үчүн  алдыда дагы  көп иш чаралар бар.


Кыргыз  Республикасынын  Жогорку  соту  турмушка   ашырууга пландап  жаткан  багыттарга кыскача  токтоло  кетсем.



  1. Этабы  менен кагазсыз  документ жүргүзүүгө өтүү.  Бүгүнкү  күндө бардык  иш -сот өндүрүшү,  иш кагаздарын  жүргүзүү, кат  алышуу-кагазды колдонуу  менен  жүрүүдө, басып  чыгаруу жана кайра жөнөтүүгө тонналаган кагаз жумшалууда.


Ушул  жерден экспертизаны дайындоо  жөнүндө  да айткым  келет. Албетте, бул  башка  кызмат. Бирок, эгерде биздин  экспертизалык мекемелер менен   байланышты электрондук форматка өткөрсөк, анда  экспертизаны  электрондук  дайындоого, зарыл  материалдарды тез арада  жеткирүүгө, кайра электрондук түрдө  экспертизанын корутундусун  алууга  мүмкүндүк  болмок. Мындан  жарандар да,  сот тутуму да утушка  жетишмек.


Азырынча кагазга көп  ресурсту коротуп жатабыз. Жогорку  сот  бул  практикага  чекит  коюп, болушунча  электрондук  форматка эмнени  мүмкүн  болсо ошону  өткөрүүнү  пландап  жатат.


Ошол  эле  учурда,  компьютердик  сабаттуулук судьялардын  кесиптик  компетенциясында  милдеттүү  болушу шарт.



  1. Ведомстволор  аралык  электрондук  байланыш маселеси чечилет. Тиешелүү  органдардын  маалымат  базалары   бири-бири  менен тыгыз байланышта болушу  керек.


Судьялар  бир баскыч   менен  кыймылдуу  жана  кыймылсыз мүлктү  камакка алып, күбөлөрдү  жана  башкаларды  чакыруу  үчүн,  ким  жана кайсыл  жерде  каттоодо  тургандыгы туурасында  тактама ала  алгыдай болушу  абзел. Ошондо бардыгы ыкчам  болуп, эч ким  камакка  алынган  мүлктү сата  албайт.


 



  1. Сот системасынын бардык  программалары   жана иштеп  жаткан  автоматташтырылган  системалары  өркүндөтүлөт.


Иштелип  жаткан программалар  сот  процесстеринин  катышуучуларына   жана  судьяларга   жеткиликтүү  шартты  камсыздап, алардын  ишин  жеңилдетип,   соттор менен  байланышка  кетирген убактысын  жана  каражатын азайтып,  бардык  тараптар  үчүн пайдалуу болушу керек.


Ыйгайлуу  шарттын болушу, жарандарга  жана судьяларга процессти ылдамдатууга, тез арада маалымат табууга, соттук  талаш-  тыртыштарды чечип, биздин  ишибиздин  ачык-айкындуулугун  жана  жеткиликтүү  болушуна көмөктөшөт.


Келечекте  Кыргызстандын кайсыл гана аймагынан  болбосун доо  арызды  берүү  электрондук  түрдө болуп,  ошондой  эле жарандык, экономикалык  жана административдик  иштерди  электрондук   түрдө кароого өтүшүбүз керек.


Кылмыш иштерин кароо боюнча бир канча куралдар бар.  Мисалы:  аралыктан сурак жүргүзүүдө тарапты  сот отурумуна алып келүүнүн  кереги жок болот. Мында   соттолуучу качып кетет деген коркунуч болбойт, каражат дагы үнөмдөлөт. Эң башкысы,   соттолуп жаткандын укуктары дагы корголуп,  сот отурумуна катышып,  аны көрүп уга алат.


Коңшу Казакстанда  91%  жарандык арыздар электрондук түрдө берилет. Мындай  маалыматтык ресурс  бизде дагы суроо- талапка ээ болот деп ойлойм.


Сот-укуктук  системаны санариптештирүүнүн  маанилүү элементтеринин бири Жоруктардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестеринин киргизилиши болуп саналат ( ЕРПП). Жоруктардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестери — бул 2019-жылдын 1-январынан  күчүнө кире турган кодекстер менен мыйзамдардын   жазык иштери боюнча  сот өндүрүштөрү менен аталган реестерге кире турган  бардык органдардын санариптештирүүсү болуп саналат.


Жоруктардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестеринде соттук блок  түзүлүп,  соттор тарабынан каралган бардык иштер  боюнча маалыматтар, соттук  чечимдерге чейин  ошол жакта камтылат. Иштерди номерлер менен  жеңил эле тапса болот.


Биз арыздын качан жана кайда түшкөндүгүн, катталгандыгын, сотко чейинки иштин  жүрүшүн, андан  соң  соттордо соттук  чечимдер кандай  аткарылгандыгын же  болбосо жазалоону, же пробациялык көзөмөл кандай жүргүзүлүп жатканын  көрсөк болот.


Жоруктардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестери бардык  укук колдонуучулардын, көзөмөл органдардын  жана  адам укуктарынын стандарттарын  жогорулатат.


Алдыда дагы  көп иштер турат.


Сот өндүрүшүн санариптештирүү  чоң мүмкүнчүлүккө ээ болуп, кемчиликтер жок десек болот. Тескерисинче,  кызматкерлердин  жүктөмдөрү азайып, жарандардын коопсуздугун жана конституциялык укуктарын камсыз кылат.


Мунун бардыгы  жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатат.


Сөзүмдүн соңунда,  катышуучулардын көңүлүн бир нерсеге бургум келет. Биздин электрондук сот өндүрүшүнө өтүшүбүз, башка  мамлекеттик органдардын ишине,  инфраструктуранын  даярдыгына жана  башка керектүү элементтерге  дагы жараша болот.


Санариптештирүү боюнча демилгени көтөргөнү үчүн Президентке ыраазычылык билдирем.  Өлкө жетекчилигинин жана  биздин  коомдун колдоосу менен,  биз  сот адилеттигинин  жаңы сапатына жетишебиз деп ишенем.


Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!