KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун төрайымы Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн эксперттерин кабыл алды

19 марта 2019

2019-жылдын  19 -мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева  Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн эксперти Бунафша Гулакованы кабыл алды.


Жолугушууга  Жогорку соттун төрайымынын орун басары Нургуль Асанова, Жогорку соттун судьясы Кеңешбек Токтомамбетов, ошондой эле  Европа биримдиктин  долбоорлорунун  менеджери        Никола Скарамуццо жана эксперт  Майкл Джонсон катышышты.


Тараптар  пробация системасын  реформалоодогу актуалдуу  артыкчылыктар, сотторду автоматташтыруу процесси,  жалпы сот реформасы тууралуу  сөз кылышты.


Г.Калиева  күчүнө кирген пробация институту маанилүү экендигин белгилеп,  Жогорку сот жергиликтүү сотторго  жаза чарасынын альтернативасы катары   пробацияны колдонууга багыттай тургандыгын   билдирди.   Бирок, бул үчүн судьялардын  дагы билим тажрыйбасын көтөрүү керектигин  кошумчалады.


Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө  сот реформасынын жүрүшүн анализдөө, социологиялык изилдөөлөрдү  жүргүзүү максатында   мониторинг жана баалоо улуттук  системасын түзүү сунуштары айтылды.


Өз кезегинде,  Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн эксперти  Бунафша Гулакова  аталган биримдиктин өкүлчүлүгүнүн эксперттери тарабынан  көтөрүлгөн бардык  суроолорго жооп алышкандыгын айтып,  мындан ары дагы  мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө  жана көз карандысыз сот системасын түзүүгө колдоо көрсөтөрүн  баса  белгиледи.


Эске сала кетсек, пробация — бул инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын түзөөгө, алардын укук бузууларды жасоосунун алдын алууга, аларга социалдык көмөк көрсөтүүгө жана аларга карата кайра социалдаштыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган жеке социалдык-укуктук программаларга алардын ыктыярдуу катышуусунда аларга карата мамлекеттик мажбурлоо, коомдук таасир этүү чараларынын комплексин колдонуучу мамлекеттин социалдык-укуктук институту.