KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Бишкек шаардык жана Чүй облустук сотторунун жыл жыйынтыктоочу кеңешмелерине катышты

15 февраля 2019

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева  2019-жылдын 5 жана 7-февралында  Бишкек шаарынын жана Чүй облустук сотторунун жыл жыйынтыктоочу  кеңешмелерине  катышып, анда сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашыруунун сапаты, судьялардын жүктөмдүүлүгү жана  башка маселелер  боюнча маалыматтар угулду.


Г. Калиева  жергиликтүү соттордун техникалык жактан камсыз болушу, сот отурум залдарында  аудио жана видео жазууларды жүргүзүү үчүн жабдыктарды орнотуу, автоматташтырылган  маалымат  системасын киргизүү, ошондой эле  сайтка соттук актыларды жайгаштырууга байланышкан маселелерге токтолду. Судьяларга  иштеринин сапатын жана ачыктыгын  жакшыртуунун  үстүндө дайым  иштөөгө, ошондой эле квалификацияларын жогорулатуу жана  жаңы мыйзамдарды кылдат  окуп  чыгуу  маанилүү экендигин эскертти.


Төрайым  сот тутумунун ачык-айкындуулугун  камсыз кылуу жана жарандык коом менен  жалпыга маалымдоо каражаттары менен  өз ара байланыштарды түзүү керек  экендигин белгиледи.