KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча алдын ала угуу 15-октябрга жылдырылды

14 октября 2019

2019-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүнө коррупцияга айыпталып жатышкан А.Ш.Атамбаев, И.Ы. Жолдубаева, А.Раимжанов жана К.О.Качкыналиевдердин кылмыш иши келип түшкөн.


Соттун 2019-жылдын 7-октябрындагы токтому менен Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 270-беренесине ылайык бул иш боюнча алдын ала угуу күнү белгиленген (Кыргыз Республикасынын ЖПК 270-беренесине ылайык сот өзгөчө оор кылмыштар боюнча; бөгөт коюу чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтөрдү кароого байланышкан маселелерди чечүү үчүн алдын ала угуу жүргүзөт жана  алдын ала угуу иш сотко келип түшкөн учурдан тартып 10 суткадан кечиктирилбестен жүргүзүлүүгө тийиш).


Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 275-беренесине ылайык, алдын ала угуу тараптардын катышуусу менен жабык сот отурумунда судья тарабынан жүргүзүлөт.


2019-жылдын 11-октябрында өткөн алдын ала угуунун жүрүшүндө  айыпталуучу А.Ш. Атамбаев сот отурумуна келүүдөн баш тарткандыгынан улам сотко алынып келинбегендигине байланыштуу  алдын ала угуу 14-октябрь саат 14:00гө жылдырылган.


Бүгүн, 14-октябрда, айыпталуучу А.Ш. Атамбаев сотко келүүдөн дагы  баш тарткандыктан, алдын ала угуу 15-октябрга жылдырылды.