KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Президент Сооронбай Жээнбеков: Адилеттүү, ачык-айкын, көз карандысыз сот системасын курбай туруп, мамлекетти өнүктүрө албайбыз

09 декабря 2019

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-декабрда өлкөнүн сот системасынын 95 жылдыгына арналган иш чарага катышты.


Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, сот тутумунун ардагерлери жана республиканын бардык аймактарынан келишкен судьялар  катышышты.


Иш чара Кыргыз Республикасынын сот тутумунун тарыхы тууралуу «Сот адилеттиги — өнүгүүнүн өзөгү» фильмин көрсөтүү менен башталды.


Президент өз сөзүндө адилеттүү, ачык-айкын, көз карандысыз сот системасын курбай туруп, мамлекетти өнүктүрүү, экономиканы, социалдык чөйрөнү алга сүрөө, жарандардын укугун коргоо, адилет мамлекеттик башкарууну түзүү мүмкүн эместигин белгиледи.


Баардык тармактарда тең реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу — сот системасынан көз каранды. Ошондуктан сот реформасын — жалпы өлкөнүн өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир эткен реформа катары кабыл алуу керек.


Мамлекет башчысы ушул чоң жоопкерчиликти — соттордун жалпы корпусу, ар бир судья дайыма сезип турушу кректигин, аны өз ишинде негизги принцип катары колдонушу зарыл экенин баса белгиледи.


«Сотко болгон ишеним — жалпы мамлекеттик бийликке болгон ишеним. Сот бийлигине ишеним болгондо гана алга жылуу, өнүгүү болот», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.


Иш чарада Мамлекет башчысы бир катар судьяларга, сот системасынын ардагерлерине жана кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды жана КР Президентинин энчилүү сааттарын тапшырды.


Андан соң, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун  кызматкерлеринин күчү  менен даярдалган  Ч. Айтматовдун “Саманчынын жолу” чыгармасы коюулду. Иш чара  Кыргыз сотунун 95 жылдыгына арналган   концерттик программа  менен соңуна чыкты.