2021-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 19-февралындагы № 47, 48 Жарлыктары менен биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кудайбергенов Азис Абылович Нарын облусунун административдик сотуна дайындалып, салтанаттуу түрдө ант берди.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургуль Бакирова жаңы дайындалган судьяны куттуктап, берген антка бек турууга чакырды.