KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облусунун жергиликтүү соттору жана Бишкек шаарынын райондук сотторуна дайындалган судьялар ант беришти

18 ноября 2019

Бүгүн, 2019-жылдын 18-ноябрында Кыргыз  Республикасынын  Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин  2019-жылдын 14-ноябрындагы   ПЖ № 155  Жарлыгы менен Жалал-Абад облустунун жергиликтүү сотторуна жана Бишкек шаарынын райондук сотторуна  дайындалган судьялар ант беришти.


Кыргыз Республикасынын  Президентинин  2019-жылдын  14-ноябрдагы   ПЖ №156  Жарлыгы менен  судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Ала-Бука райондук сотуна Мамадалыев Асылбек Райимбердиевич, Базар-Коргон  райондук сотуна  Жороев Эльдияр Жолборсбекович, Кара-Көл шаардык сотуна Уметалиева Чолпонай Маматовна, Майлуу-Суу шаардык сотуна Маматалиев Таалайбек Ажибекович, Ноокен райондук сотуна Култаев Талантбек Какаевич, Таш-Көмүр шаардык сотуна Шайымбеков Рахматулла Амирбаевич, Тогуз-Торо райондук сотуна Кангелдиев Калыйнур Ратбекович, Токтогул райондук сотуна Ормушев Тилек Эмилбекович, Чаткал райондук сотуна Маматов Куштарбек Иссаевич, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна Туражанова Жамиля Асадуллаевна, Октябрь райондук сотуна Баймуратова Күмүшай Шакировна, Бегалиев Тилектеш Ишеналиевич, Нурбеков Алмаз Турусбекович, Биринчи май райондук сотуна Бердимуратов Чыңгызбек Муртазакулович, Эсенбаев Адылбек Маматибраимович, Свердлов райондук сотуна Кадыркулова Алма Камчыбековна  жиберилди.


Кыргыз  Республикасынын  Жогорку сотунун  төрайымы Гульбара Калиева жаңы дайындалган  судьяларды  куттуктап, берген антка   бек турууга  чакырды.