Баткен райондук сотунун судьясы Болот Садыков жана судьянын жардамчысы Салима Эргешова Баткен шаарындагы Жоомарат Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучуларына “Мектеп окуучуларынын укуктары”, “Юрист” деген темаларда ачык сабак жана чакан экскурсия өткөрүштү.
Жолугушуунун жүрүшүндө балдар темага кызыгып, көптөгөн суроолорду беришип, жолугушуунун аягында мектеп окуучулары жарандык иш боюнча ачык соттук отурумга катышышты.
Салима Эргешованын айтымында бул иш-чаранын максаты мектеп окуучуларынын негизги укуктары боюнча билимдерин жалпылоо, «Укук» жана «Милдет» түшүнүктөрүн ажыратып, мыйзамсыз аракеттерге терс мамилени калыптандыруу жана балдардын укуктарын коргоого, башка адамдардын укуктарын урматтоого тарбиялоо жана активдүү жашоо позициясын калыптандырууга салым кошуу болуп саналат.
Жыйындын соңунда судья Болот Садыков окуу жайдын жетекчилигине жана окуучуларга ийгиликтерди каалап, сот тутумуна позитивдүү көз карашты калыптандырууга, мыйзамды сыйлоого көмөк көрсөтүшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы Замирбек Ормонов