Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда бүгүн 2019-жылдын 14-февралына белгиленген К.Кулматовго карата кылмыш ишин кароо боюнча соттук отурум белгисиз мөөнөткө жылдырылгандыгын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун басма сөз кызматы маалымдайт. Анткени, К.Кулматовдун жактоочусу С. Слесарев Бишкек шаардык сотуна, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2019-жылдын 7-февралындагы алдын ала угуулардын жыйынтыктары боюнча соттук отурумду дайындоо жөнүндө тоткомуна карата апелляциялык даттануу менен кайрылды.
Жактоочу Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун далил катары таануу жөнүндө арызды канааттандыруудан баш тартуу жана кылмыш иши боюнча далилдердин тизмесинен комплекстүү, комиссиялык соттук-бухгалтердик, соттук- курулуш экспертизаларын жана курулуш-техникалык экспертизалар корутундуларын жоюу туурасында токтомун жокко чыгаруусун өтүнүп жатат.