KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Роза Айтматова: “Айтматовдун чыгармалары сот тутумун адилеттүү чечимдерге үндөйт “- деп ишенем

14 июня 2019

Бүгүн, 2019-жылдын 14-июнунда, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук  академиялык драм театрында дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш чарасы болду.


Иш чараны  Кыргыз Республикасынын  улуттук илимдер  академиясы, Ч.Айтматов  атындагы  тил жана адабият  институту, Бишкек шаарынын Биринчи май  жана Октябрь райондук соттору биргеликте уюштурушкан.


Ага  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басарлары Айнаш Токбаева, Нургуль Асанова,  сот тутумунун кызматкерлери,  окумуштуу-илимпоздор, маданият өкүлдөрү катышышты.


Чыгармалары дүйнөлүк асыл наркка айланган улуу  жазуучу Чыңгыз Айтматовдун  90  жылдык  маарекесин белгилөөнүн  алкагында  буга чейин  Кыргыз улуттук илимдер Академиясында сот тутумунун кызматкерлеринин  катышуусунда   “ Чыңгыз  Айтматов доор адам”  аттуу  иш чара  болуп  өткөн эле.


Мында  Кыргыз Республикасынын Жогорку соту  башында  турган  8  команда  жазуучунун  “Биринчи мугалим”, “Кылым карытаар бир күн”, “Гулсары”,  “Саманчынын жолу” , “Жамийла”,“Тоолор кулаганда”,  “Ак кеме”  жана  “Кызыл жоолук жалжалым”  чыгармаларын  сахналаштырып  тартуулашкан болчу.


Калыстар тобу Ч. Айтматовдун чыгармаларын  сот тутумунун кызматкерлери эң жогорку даярдыкта көрсөтүшкөндүгүн, сот кызматкерлеринин  арасында таланттар абдан  көп  экендигин тастыктап,   баа беришкен.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Айнаш Токбаева”  «Эки спектакль  тең Чынгыз Айтматовдун баарыбызга белгилүү  чыгармаларынын  негизинде даярдалгандыгын айтты. “Гүлсарат” менен “Санманчынын жолу” повесттери коом жана инсан, гуманизм жана адамдык касиет жөнүндө  терең баяндаган чыгармалар…


Күн сайын адам болууга умтулуу аракети ушул эки классикалык чыгарманын негизги идеясы, гуманисттик мазмуну болуп эсептелет»,- деп  билдирди.


Өз кезегинде Роза Айтматова,  бул чыгармалар канча жолу сахналаштырылып, белгилүү артисттер ойногону менен, сот тутумунун кызматкерлери  алардан калышпай жеткире ойноп беришкендигине ыраазы болду.


« Бүгүн сот тутумунун кызматкерлери ушунча жеткире ойноп бергендиктен, алар Ч.Айтматовдун чыгармалары менен жакындан тааныш экендигине ынандым.  Улуу жазуучунун чыгармаларын окушкан сот тутумунун кызматкерлери адилеттүү болоруна ишеним бар», — деди Роза Айтматова.


Кыргыз улуттук илимдер академиясынын  академиги  Ч.  Айтматов  атындагы тил жана  адабият  институтунун  директору Абдылдажан Акматалиев сот тутумунун кызматкерлеринин жүрөгү Айтматов деп согорун жана  анын чыгармаларын жогорку деңгээлде аткаргандыгы менен айырмаларын айтты. Бул маданий долбоор бир гана Бишкекте эмес,  аймактардагы сот системасынын  кызматкерлеринин арасында өткөрүлсө деген сунушун айтты.


Эл Баатыры, белгилүү нейрохирург Миталип Мамытов: « Тагыраак айтсам, сот кызматкерлеринин аткаруусундагы спектакль биздин азыркы коомдо тарыхый көрүнүш. Шекспирди дагы  соттор аткарган эмес.Укпадым! » — деп келип, Куранды окуган адам Кудай менен сүйлөшсө, жанында отурганы жаратканды угат экен. Бүгүн Чыңгыздын чыгармасын аткаргандар Айтматов менен сүйлөштү, биз залкарды уктук – деп түшүнөм.