KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Мектеп окуучулары Баткен облустук сотунда болушту

15 мая 2019

2019-жылдын 13-майында Баткен облустук соту окуучулар үчүн «Ачык эшиктер күнүн» өткөрдү.


Иш чара Кадамжай районунун Орозбеков айылынын Социалисттик эмгектин баатыры С.Тешеев атындагы орто мектебинин 8-9-11- класстын окуучулары менен бирге  мектеп директору Сиражидин  Калматов  жана мугалимдер катышышты.


Баткен облустук сотунун төрагасы Сайдибаказ Мусаев окуучулар менен ар тараптуу аларга кызыктуу болгон темада кеңири маек куруп, өзүнүн акыл — насааттарын айтып, аларды келечекте туура кесип тандоого чакырды.         Мындан тышкары  окуучулар Баткен облустук сотунун судьяларынын иштери, тагыраак айтканда кайсы соттук коллегия кандай  иштерди карай тургандыгы жөнүндө кеңири маалымат алышты. Аппарат кызматкерлеринин иштери, сот имаратынын бөлмөлөрү, сот отурумдарынын залдары  менен да таанышышты.


Баткен облустук сотунун төрагасы Сайдибаказ Мусаев иш чаранын соңунда окуучуларга  жогорку окуу жайларга тапшырып,  жакшы билим алып, Кыргыз Республикасы үчүн кызмат кылууга чакырды.