KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

“Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүнүн 2-фаза” Программасын ишке ашыруу боюнча Байкоочу комитеттин төртүнчү отуруму болду

27 ноября 2020

Бүгүн,  2020-жылдын  27-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Дильфуза Боронбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Элмира Байтикова  жана  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин статс-катчысы Сталбек Калмаков, ошондой эле  Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот» маалымат технологиялары боюнча мекемесинин башкаруучусунун милдетин аткаруучу  Рустамбек Шабыевдер “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүнүн 2-фаза” Программасын ишке  ашыруу боюнча Байкоочу комитеттин төртүнчү отурумуна   онлайн катышышты.


Иш чарага ошондой эле Европа биримдигинин, Кыргыз Республикасынын  Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Акыйкатчы институтунун, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын  жана Программанын  өнөктөштөрү болгон башка уюмдардын  өкүлдөрү болушту.


Дильфуза Боронбаева Европа биримдиги менен болгон ар тараптуу кызматташтык көп жылдан бери келе жаткандыгын айтты. Аталган Программанын алкагында Жогорку сот, Сот департаменти жана Сот адилеттигинин жогорку мектеби менен болгон өз ара байланыштарда   бир катар иштер аткарылып,  жетишкендиктер болгондугун белгиледи.


Ошону менен бирге  АМС “Сот” системасын   киргизүүдө кемчиликтер болуп жаткандыгын белгилеп кетти.  Орун алган кемчиликтерди 2021-жылы Программанын  алкагында  иштеп жаткан долбоор жоюп, тез арада  коюлган  максаттар ишке ашарына үмүт кылды.


Отурумдун алкагында Программанын эксперттери экинчи фазанын алкагындагы  Программанын  ишмердүүлүгү жана жыйынтыктары  туурасында  кыскача маалымат беришип,  катышуучулар  аталган Программанын 2021-жылга болгон жумушчу планын талкуулашты.