KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Судья Айдарбек Алымкуловдун элесине арналган таяк тартыш (мас-рестлинг) боюнча ачык турнир өттү

27 апреля 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 27-апрелинде, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Айдарбек Бекишович Алымкуловдун жаркын элесине арналган таяк тартыш (мас-рестлинг) боюнча экинчи ачык турнир болуп өттү.


Спорттук мелдештин ачылыш аземине Бишкек шаарынын жергиликтүү сотторунун судьялары катышты.


Ачылыш аземинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун төрагасы Таалайбек Абыкеевдин атынан аталган соттун судьясы Санжар Чотонов  сөз сүйлөдү.


«Айдарбек Алымкулов судья катары иштерди өз убагында жана сапаттуу кароону камсыздап, өзүнүн ишкердик сапаттарын өнүктүрүү үчүн тынымсыз иштеп келген.

Юстициянын биринчи класстагы кеңешчиси болуп, өз ишине дайыма жоопкерчиликтүү мамиле кылган.

Кесиптик чоң тажрыйбасы бар, адамкерчилиги бийик, өз ишин мыкты билген профессионал судья катары сот тутумунун эсинде калат«, — деди Таалайбек Абыкеев.


Белгилүү болгондой, Айдарбек Алымкулов 2010-жылы Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун судьясы болуп дайындалган.

2013-жылдан 2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин Катчылыгынын инспектору болуп иштеген.

2015-2020-жылдары Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы кызматында иштеген.

2020-жылда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы болгон.


Белгилей кетсек, Айдарбек Бекишович Алымкуловдун жакындары уюштурган бүгүнкү спорттук иш-чарага республиканын булуң-бурчунан жүздөн ашуун спортчу катышты.