KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот аткаруучулардын арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү

26 февраля 2019

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин Ош областтык башкармалыгынын демилгеси менен сот аткаруучулардын жана сот аткаруучулардын ардагерлеринин ортосунда,  өзүлөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда курман болушкан Ош шаардык сот аткаруучулар бөлүмүнүн кызматкерлери  Алтынбек Адашов менен Акылбек Исаевдердин жаркын элесине арналган кичи футбол боюнча мелдеш болуп өттү.


Спорттук мелдешке ар бир райондун  сот аткаруучулары өздөрүнүн курама командасы, ал эми иш чаранын коноктору болушкан  ардагерлер өз алдынча командалары менен катышышты.


Финалдык оюнда Сот департаментинин Ош областтык башкармалыгынын курама командасы менен Кара-Суу райондук сот аткаруучулар бөлүмү беттешип,  Кара-Суу райондук сот аткаруучулар бөлүмү жеңишке жетишти.


Белгилей  кетсек мындай спорттук иш чара Сот департаментинин Ош облусттук башкармалыгында биринчи жолу уюштурулуп, шаардык жана райондук сот аткаруу бөлүмдөрүнүн ортосундагы биримдикти, биргелешип иш алып барууга, сергек жашоого үгүттөөгө багытталып өткөрүлдү.


Мелдештин соңунда  Ош областтык Сот департамент башкармалыгынын башчысы  Рыскул Зулушов кызматтык милдеттерин аткарууда курман болушкан Алтынбек Адашов жана Акылбек Исаевдердин  үй-бүлөсүнө сот аткаруучулар тарабынан көрсөтүлгөн материалдык жардамды жана белектерди тапшырып, алардын жаркын элесине арналган спорттук мелдешти мындан ары жыл сайын өткөрүү чечими кабыл алынгандыгын кошумчалады.