KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди

05 марта 2019

Бүгүн, 2019-жылдын 5-мартында,  сот кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата салтанаттуу иш чара Нарын облустук сотунда болуп  өттү. Ага  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов, облустагы күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана  райондук, шаардык соттордун  төрагалары катышты.


Нарын облусундагы сот тутумунун өткөн жыл ичиндеги жана учурдагы аткарып жаткан иштери тууралуу  облустук  соттун төрагасынын милдетин аткарып жаткан Алдаярбек Абдыбеков кыскача баяндама менен чыгып сүйлөп, кесиптештерин майрамы менен куттуктап, жалпы эле сот кызматкерлеринин алдында  жоопкерчиликтүү милдеттер турганына токтолду.


Кыргыз Республиккасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Кайыпов сот тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, бүтүндөй өлкө коомчулугу  сот тармагынан олуттуу реформаларды  күтүп жаткандыгын,   андыктан  тоолуу облустун  фемида  өкүлдөрү бул милдетти толугу менен турмушка ашырарына ишенгендигин билдирди.


Майрамдык иш чарага арналган салтанаттын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Нарын облустук сотунун төрагасынын  жана Нарын облусундагы күч түзүмдөрүнүн   Ардак грамоталары  менен облустун сот тармагында иштеп жатышкан бир катар кызматкерлер сыйланышты.


     


Б. Белеков Нарын облустук сотунун басма сөз катчысы