KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппарат  кызматкери  Бакуда өткөн күрөш чеберчилиги боюнча  биринчи дүйнөлүк чемпионатта  экинчи орунду багындырды

29 ноября 2018

2018-жылдын  24-25-ноябрында  Азербайжандын Баку шаарында  «Серхедчи» спорттук  олимпиада комплексинде алпагут боюнча биринчи дүйнөлүк чемпионат болуп өттү. Дүйнөлүк чемпионатта  18  өлкөнүн  бардык курактагы топтордун  500гө жакын спортчулары катышышты.  Чемпионатта  Кыргызстан,  Казакстан, Түркия, Германия, Пакистан, Украина, Афганистан, Венгрия, Иран, Индия, Грузия, Непал, Камерун, Түркмөнстан, Нигерия жана  Өзбекстандын спортчулары чыгышты.


 Дүйнөлүк чемпионатка  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппарат кызматкери Мурат  Сыдыков дагы  ийгиликтүү  катышып келди. Анын  айтымында, бардык атаандаштар жакшы даярдыкта келишип,   күрөш чеберчилиги боюнча  дүйнөлүк  чемпионат жогорку деңгээлде уюштурулган. М. Сыдыковдун билдирүүсү боюнча  алпагут  таймашынын  эрежеси  төрт системадан: жарым ай, батур, джаймаз жана бел курдан турат.


Мурат Сыдыков  65  килограмм салмактагы, 24 жаштан 43 жашка чейинки   кикбоксерлордун арасында экинчи  орунду алган.  Ал  ошондой эле  ММА дагы катышып, 65 килограмм  категория салмагындагы катышуучулардын арасында үчүнчү орнуду  багындырган.


Ошондой эле  алпагут боюнча биринчи  дүйнөлүк чемпионатта  Кыргызстандын атынан  Акун Алмаз жана  Бакыт Кадыров чыккан. Алар   грэпплинг боюнча өздөрүнүн салмактык категориясында жана ММА боюнча  алтын медалдарды жеңип алышты.


Мурарт Сыдыков  10 жылдан бери спорт менен машыгып, кол күрөш  менен дагы кызыгып келет.  2015-жылы  ал Казакстандын Астана шаарында өткөн  кол күрөш боюнча таймашта  чемпион болуп, ошондой эле 2015-жылы  Кыргызстанда өткөн  кикбоксинг  боюнча республикалык  чемпионатта чемпион наамын жеңип алган болчу.


Айта кетүүчү жагдай, “ Алпагут”  “ ыйык аскер” дегенди түшүндүрөт. Алпагут – бул түрк элдеринин  бирдиктүү маданий көз карашын   көрсөткөн жана пропагандалаган спорттун бир түрү болуп саналат.