Бүгүн, 2024-жылдын 17-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун катышуусунда биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө дайындалган Сатымкул уулу Авазбек ант берди.
Сатымкул уулу Авазбек Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Нарын облусунун Кочкор райондук сотуна дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков дайындалган судьяны куттуктап, берген антка бек турууга чакырды.
«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын шайланган же дайындалган судьялары ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышы ант берген күндөн тартып башталат.