2019-жылдын 15-август күнү Баткен облусунун Лейлек райондук сотунун төрагасы Турдалиев Ниязбек Назарович, судья Абдимиталипов Эльярбек Бахадирович , Баткен облусунун Лейлек районунун жана Исфана шаарынын аксакалдар сотторунун төрагалары жана медиация өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун максаты жергиликтүү аксакалдар сотторунун иш-милдеттери, иштерди кароонун тартиби, иш боюнча колдонуучу таасир көрсөтүүчү чаралары жана алар тарабынан чыгарылуучу чечимдердин аткарылуусуна көзөмөл жүргүзүү максатында усулдук жардам көрсөтүү. Лейлек райондук сотунун төрагасы Ниязбек Турдалиев медиаторлор менен өз ара аракеттешүүнү жакшыртуу жана кызматташтык жөнүндө алынган маалыматтар өтө керектүү, өз убагында жана пайдалуу болоорун белгилеп кетти.
Жолугушуунун жыйынтыгында, Баткен облусунун Лейлек районунун жана Исфана шаарынын аксакалдар сотторунун төрагалары жана медиация өкүлдөрүнүн демилгеси боюнча мындай жолугушууларды өз ара кызматташууну жакшыртуу үчүн мезгил-мезгили менен уюштуруп туруу макулдашылды.