Бишкек шаардык сотунун демилгеси менен Бишкек шаарынын судьялары 2019-жылдын 8-январында Токмок шаарындагы балдарды жана үй-бүлөлөрдү реабилитациялоо борборунда болушту. Судьялар борбордогу балдар менен тарбиячыларды Жаңы жыл менен куттукташты.
Бишкек шаардык сотунун судьялары реабилитациялоо борборуна 60 орунга эсептелген шейшеп жана 200 даана сүлгү беришти.
Өз кезегинде Гульнара Аманбаева башында турган аталган борбордун администрациясы судьяларга балдарга көңүл буруп, керектүү белектерди бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.