Cүлүктү шаардык сотунун төрагасы Гульзат Эрматова жана судья Бакыт Жаназаков Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинин алдындагы Пробация департаментинин Сүлүктү шаары жана Лейлек району боюнча пробация кызматынын башкы адиси Эрмек Аматов жана медиатор Мубарак Кадырова менен жолугушту.
Жолугушууда сот тутумунун жана пробация органдарынын өкүлдөрүнүн ортосундагы диалог түрүндө пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу темасына байланыштуу маселелер, медиаторлордун көмөктөшүүсү менен талашты жөнгө салуунун жол-жоболору жөнүндөгү маселелер кеңири талкууга алынды.
Иш чаранын соңунда төрайым жолугушууга келгендерге ыраазычылык билдирип, кызматташууга, жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.
Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы Замирбек Ормонов