KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары жаран А. Максутовдун кемсинткен билдирүүсү боюнча маалымат жыйынын өткөрүштү

02 марта 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 2-мартында, Нурманбет Эшалиев, Жамалкан Исакова жана Дильбар Кулматовадан турган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы маалымат жыйынында учурдагы мыйзамдарга баш ийүүнүн жана инсандын ар-намысына шек келтирген кемсинтүүчү сөздөргө жол бербөөнүн маанилүүлүгүн эскертишти.


Буга байланыштуу соттук коллегия төмөнкүлөрдү түшүндүрдү.


Доогер А. Максутов «ФИНКА Банк» ЖАКынын жоопкерине эмгек акы төлөө жана эмгек акыны жогорулатуу чөйрөсүндө басмырлоону токтотуу, эмгек акынын жетишсиз жана төлөнбөгөн айырмасын өндүрүү жана аны төлөөнү кечиктиргендиги үчүн акчалай компенсация, бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын алыскы зоналарда иштегендиги үчүн эмгек акыга райондук коэффициентти өндүрүү, ошондой эле моралдык зыянды компенсациялоо жөнүндө доо менен сотко кайрылган. Эмгек акы боюнча 1 714 814,09 сом өлчөмүндөгү карызды жоопкерден доогердин пайдасына өндүрүп алууну, эмгек акыны төлөөнү кечиктиргендиги үчүн 6 034 428,12 сом өлчөмүндөгү акчалай компенсацияны, моралдык зыян үчүн 3 000 000 сом өлчөмүндөгү акчалай компенсацияны сураган.


Биринчи жана экинчи инстанциядагы сот доо арызды канааттандыруусуз калтырылган. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясы соттордун чыгарган чечимдеринин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерип, 2024-жылдын 28-февралындагы токтому менен соттук актыларды күчүндө калтырган.

Пресс-конференциянын жүрүшүндө соттук териштирүү учурунда доогер далилдерди келтире албагандыгы жана өз жүйөлөрүн негиздей албагандыгы түшүндүрүлдү.

Судьялар социалдык тармактарда республиканын Жогорку сот органынын соттук коллегиясынын дарегине айтылган кемсинтүүлөргө тиешелүү органдар тарабынан юридикалык баа берилип, мыйзамда каралган чаралар көрүлөрүн маалымдашты.