KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторунда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленди

14 декабря 2018

Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Каракол шаардык сотунда, Ысык-Көл облусунун райондор аралык сотунда жана Ысык-Көл райондук сотунда   маданий иш-чаралар өткөрүлдү.


Каракол шаардык сотунун имаратынын фойесинде атайын бурч ачылып, Чыңгыз Айтматовдун китептеринин жыйнагы уюштурулду.


Шаардык соттун төрагасы Самар Ниязалиев өзүнүн сөзүндө, быйыл 2018-жылы алп калемгер, классик, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы дүйнө жүзүндө масштабдуу белгиленип жаткандыгын, анын чыгармалары адамды ойлонтууга жана адамдык сапаттарды жогорку деңгээлге жеткирүүгө түрткү берерин, өткөрүлүп жаткан иш-чаралар абдан чоң тарбиялык мааниге ээ экендигин белгилеп, жазуучунун өмүр баяны жана чыгармачылыгына токтолуп кетти.


Кеченин алкагында шаардык соттун бөлүм башчысы Кайнар Бексултанов “Саманчынын жолу” повестинен көркөм окуп, чыгарманын кыскача мазмуну менен тааныштырган соң, катышуучулар  арасында өздөрү окуган сүйүктүү чыгармаларынан  алган таасирлери жөнүндө пикир алышуулар болду.


Улуу жазуучу  Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата маданий иш-чара Ысык-Көл облусунун райондор аралык сотунда да жогорку деңгээлде уюштурулду. Анда соттун жамаатына жазуучубуздун өмүр баяны жана чыгармачылыгы жөнүндө кеңири маалымат берилип,  соттун бөлүм башчысы Алмаз Джанболотов жана иш кагаздарын жүргүзүүчү Нурбүбү Асанова “Саманчынын жолу” повестинен, судьянын жардамчысы Кенжебек уулу Жаныбек “Тоолор кулаганда” романынан, комендант Темирлан Закиров “Эрте келген турналар” повестинен көркөм окушту.


Ал эми Ысык-Көл райондук сотунун кызматкерлери тарабынан Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналып “Саманчынын жолу” повестинен  Толгонай менен жер эненин монологун сот отурумунун катсылары Бүбүайым Турдукожоева жана Асель Эркинбекова тарабынан  айтылып, “Кызыл жоолук жалжалым” повестиндеги Ильяздын ырын улук сот приставы Урмат Жакыбердиев аткарып, “Кыямат” романынан кыскача сценка коюлду.


 


                                                          Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы,


                                                                                                                    Гульзада Аширбаева