KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Судьялар Венгрияда окуу курстарынан өтүп жатышат

17 января 2020

2020-жылдын  13-январынан 31-январга чейин Венгриянын Будапешт шаарында укук коргоо органдары үчүн Эл аралык  академияда “Укук коргоо ишмердүүлүк жана лидерлик сапаттарды жогорулатуу” темасында окуу курстары өтүп жатат. Ага Чүй облустук сотунун судьясы  Адилет Эркебаев жана  Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу  Айбек Молдакунов катышууда.


Окуу программасынын алгачкы жумасында жетекчилердин лидерлик сапаттары,  профессионалдык этика, кризистик кырдаалда башкаруу деген темада лекциялар окулат.


Экинчи жуманын программасы уюмду башкаруу жана мамлекеттик башкаруу маселелерине, анын ичинде эффективдүү коммуникация, башкаруунун ыкмалары жана тобокелдиктерге баа берүү  темалары кирген.


Программанын акыркы үчүнчү жумасында глобалдык тенденциялар жана укук коргоо органдарынын абалы, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө камтылган.