KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Transperancy International- эл аралык уюму, сот тутумундагы санариптештирүү иштерин жогору баалайт

23 июля 2019

2019-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппарат жетекчиснин орун басары Эркин Искаков Кыргыз Республикасындагы «Transparency International” эл аралык мекеменин филиалынын аткаруучу директору Айгуль Акматжанова менен жолугушту.


Жолугушуунун максаты  сот тутумунда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана санариптештирүү иштери менен жакындан таанышуу болду.


Эркин Искаков өлкөнүн бардык сотторунда электрондук сот өндүрүшүн, ишти автоматтык бөлүштүрүү, документтерди түзүүгө багытталган автоматташтырылган маалымат системасы (АИС) ишке ашырылып жаткандыгын маалымдады.


Жаңы Кылымыш-жаза процесстик кодексине ылайык соттордо аудио жана видео жазуулар орнотулуп, бул өз кезегинде соттордун ачык-айкындуулугуна көмөктөшөрүн белгиледи.


Өз кезегинде Айгуль Акматжанова аталган уюм тарабынан дүйнөнүн 20га жакын өлкөлөрүндө улуттук антикоррупциялык система боюнча изилдөө жүргүзүп жаткандыгын билдирди. Мындай изилдөө учурда Кыргызстанда дагы жүргүзүлүп, сот  системасынын  көз карандысыздыгы, потенциалы, отчеттулугуна баа бериле тургандыгы айтылды.


Бүгүнкү жолугушууда ал сот тутумуна киргизилип жаткан автоматташтырылыган маалымат системасы, аудио жана видео жазуулар коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюуп, сот системасынын ачык-айкындуулугун көрсөтүп тургандыгын белгиледи. А.Акматжанова  сот системасындагы реформалар ушул багытта улантыла берсе, элдин сотторго болгон ишеними пайда боло тургандыгын кошумчалады.


Белгилей кетүүчү жагдай, Transparency International – бул эл аралык жана жеке ѳлкѳлѳрдүн глобалдык масштабындагы коррупцияны изилдѳѳ жана аны менен күрѳшүү боюнча кѳз карандысыз мекеме. Анын максаттарынын бири – бийликтин ачыктыгын жана отчёттуулугун жогорулатуу. Transparency International  100гө жакын  ѳлкѳлѳрдѳ түзүлгѳн.