KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Окуучулар соттун ишине кызыгышты

12 ноября 2019

Келечекте юрист кесибине ээ болуп, сот болууну кыялданган балдар үчүн  Ак-Суу райондук соту ачык эшиктер күнүн өткөрдү.


Соттун төрагасы  Нурдин Ибраимов жана судья Руслан Маматкулов окуучуларга  сот тутумунун ролу жана түзүлүшү, сот бийлиги тарабынан адамдардын укуктары  кантип корголору жөнүндө айтып беришип,  сот реформасынын алкагында аткарылып жаткан иштер жана жаңылыктар менен бөлүштү. Андан соң,  катышуучулар  соттун имаратын кыдырып, соттогу санариптештирүү жана соттун иштөө тартиби менен таанышуу үчүн экскурсия уюштурулду.


Мындан тышкары, окуучулар ачык сот отурумуна катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушуп, жарандык жана жазык иштерин кароо тартиптерине кызыгышты.


Жолугушууга Теплоключенка айылынын Мамбет Мамакеев атындагы орто мектебинин  11-классынын  окуучулары менен бирге  мугалимдери да катышып, соттун жамаатына ыраазычылыктарын айтып, пайдалуу маалымат алышканын белгилешти.


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы


Гульзада Аширбаева