KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

"Укуктук билимди жогорулатуу – учурдун талабы"

11 марта 2020

Бул темага Баткен облусунун райондор аралык сотунун төрагасы Мелис Жаманкулов Баткен районунун айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү жана алардын жооптуу катчылары, прокуратура, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жолугушуу учурунда токтолду.


Анын айтымында бул багытта эң биринчиден прокуратура, укук коргоо жана жергиликтүү бийлик органдары иш алып баруусу зарыл. Анткени карапайым эл башынан өткөрүп жаткан көйгөйлөрүн биринчи эле жогоруда белгиленген органдарга билдирет, айрым учурларда тийиштүү түшүндүрүү иштери жүрбөгөндүктөн жана укуктук билимдин төмөндүгүнөн жарандарыбыз көптөгөн убаракерчиликтерди тартып, негизсиз чыгымдарга дуушар болушууда.


Жолугушуунун жүрүшүндө Баткен облусунун райондор аралык сотунун судьясы Таир Туленбаев судьялар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сотторго берилген ыйгарым укуктардын чегинде усулдук жардам көрсөтүүгө дайым даяр экендигин белгилеп, айрым маселелерди чогу чечүүгө чакырды.


Ошондой эле, жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасынын административдик сот өндүрүшүндө колдонулуучу Административдик-процесстик Кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомдорун практикада колдонуу, ошондой эле аймакта иш алып барууда жаралган көйгөйлөр, мүчүлүштүктөр жана аларды жоюу жолдорун, жогоруда аталган органдардын өз ара кызматташуусун жакшыртуу маселесин талкуулашты.


Ал эми  катышуучулар судьяларды демилгелери үчүн алкап,  укуктук билимди өркүндөтүүчү пайдалуу маалымат алышканын белгилешти.


Жыйындын соңунда судьялар катышуучуларга жолугушууга келгендиги үчүн  ыраазычылык билдиришип, иштерине ийгиликтерди каалашты.