KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Алай райондук сотунда ачык эшик күнү уюштурулду

23 апреля 2024

Кыргыз Республикасынын сот тутумунун уюшулгандыгынын 100 жылдыгына карата Ош облусунун Алай районундагы Т.Отунчиев атындагы №2 мектеп гимназиясынын 9-11-класстарынын окуучулары жана мугалимдери үчүн Алай райондук соту тарабынан ачык эшик күнү өткөрүлдү.


Анын алкагында, Ош облусунун Алай райондук сотунун төрайымы Майрам Оморова, судья Арстанбек Бектурсунов, аппарат кызматкерлеринин катышуусунда соттун имаратында экскурсия уюштурулуп, окуучуларга сот органынын ишмердүүлүгү туурасында кенээн маалымат берилди.


Мындан сырткары жаш балдардын арасында укук бузуу жана кылмыштарды алдын алуу максатында лекция окулду. Бүтүрүүчү класстар үчүн юридикалык кесип тандоо боюнча кеңештер берилди.


Иш-чаранын алкагында мугалимдер жана окуучулар аларды кызыктырган ар кандай суроолорго жоопторду алышты.