KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Бишкекте Улуттук юридикалык форум болду

01 июля 2019

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Нургуль Асанова “Заманбап юристтин образы: укук системага болгон чакырыктар” деген аталыштагы  Улуттук юридикалык форумдун ишине катышты.


Иш чаранын максаты – укуктук норма чыгаруу, укук колдонуу практика  чөйрөсүндөгү  жана юридикалык билим берүүдөгү актуалдуу маселелерди талкуулоо болду. Форум төрт сессияда: аял укуктуу- панелдик талкуу,  кесиптик юридикалык ишмердүүлүктөгү укуктук маданият, заманбап юридикалык билим берүүнүн көйгөйлөрү жана юридикалык кызмат рыногун өнүктүрүүнүн тенденциясы.


Өз сөзүндө Нургуль Асанова бардык катышуучуларды юристтер күнү менен куттуктады. “Сиздердин ак ниет эмгегиңиздердин аракети менен Кыргыз Республикасы дүйнөдөгү укуктук жана демократиялуу өлкө экендиги бекемделет. Ошону менен катар эле, кесиптик ишибизден дагы, биздин адамдык сапатыбыз жогору турарын унутпаңыздар.  Буга байланыштуу, бардык юристтерге алдыга умтулуу үчүн өзүн өркүндөтүүнүн үстүнөн   дайыма иштеп турууга чакырат элем ”,- деп  билдирди ал.


Форум жүздөн ашык катышуучуларды чогулткан:  академиялык жана бизнес коомчулугунун, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле юристтер, юридикалык адистикти аркалаган студенттер жана өлкөнүн кызыктар болгон жарандары катышышты.


Иш чара Кыргызстандын Юридикалык Коомчулугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясы биргеликте уюштурушкан.