KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ош шаарында жазык-процесстик мыйзамдарды реформалоонун актуалдуу маселелерин талкуулашууда

01 февраля 2018

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби Американын юристтер ассоциациясынын Укуктун үстөмдүгү программасы (ABA ROLI) менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарды реформалоонун актуалдуу маселелерине арналган эки күндүк тренинг өткөрүштү.


Тренерлер катары юридикалык илимдердин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун төрагасы — Сманалиев Кынатбек Мойнокович, юридикалык илимдердин доктору, адвокат, Адвокаттардын окуу борборунун Окуу-методикалык комиссиянын төрагасы — Баетов Аяз Батыркулович, юридикалык илимдердин кандидаты, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин  доценти, адвокат, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү — Кулбаев Аслан Касымалиев катышууда.


Кыргыз Республикасында жаңы Жазык-процесстик кодексин кабыл алуу зарылчылыгы келип чыкты, ушуга байланыштуу адамдардын жана жарандардын укуктары жана кызыкчылыктарын коргоо жаатында жалпы таанылган эл аралык стандарттарга ылайыктыгын текшерүү менен, окумуштуулар жана укуктук колдонуучулар көптөгөн жазык-процесстик институттарды кайрадан карап чыгып жана ревизия кылышууда. Коомчулуктун катышуусу менен мыйзам долбоору талкуудан өтүү, бул талкуу оптималдуу жана натыйжалуу жазык-процесстик мыйзамды даярдоого жана кабыл алууга мүмкүнчүлүк берди.


2019-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын жаңы Жазык-процесстик кодекси күчүнө кирет, ал Кыргыз Республикасынын  Президентинин 2012-жылдын 8-августундагы №147 “Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын, сот тутумун реформалоого багытталган мыйзам долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн эксперттик жумушчу топтун ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында соттук реформа боюнча Кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.


Кыргыз Республикасынын  Жазык-процесстик кодексинин новеллалары жалпы коомчулук укуктук көз карашын өзгөртүшүн талап кылат, укук колдонуучу иш аракеттерди жүзөгө ашырган тергөөчүлөрдү, прокурорлорду, судьяларды, адвокаттарды тааныштыруу, кайра карап чыгуу жана кайра окутуу үчүн көп убакыт талап кылынат.


Тренинге Ош облусунун жергиликтүү сотторунун 7 судьясы, ошондой эле 13 адвокат катышышты.