2019-жылдын 14-февралында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда ЖЭБдеги аварияга байланышкан клмыш иши боюнча кезектеги соттук отурум болуп өттү. Бул иш боюнча 7 айыпталуучу өтүүдө. Алар коммерциялык же болбосо башка уюмдун кызматкеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу менен, анын жыйынтыгында адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдөгү зыян келтирилген.
Соттук отурумда эки күбө суралды — Е. Великанов (турбиналык борбордун башчысы) жана С. Есипова (ремонт иштери боюнча бөлүмдүн башчысы).
Иш күнү соңуна чыгып калгандыгына байланыштуу, соттук отурум ушул жылдын 19-февралына саат 10.00го жылдырылды.