KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жарандардын укуктук билимдерин жакшыртуу түз эфирде талкууланды

18 июля 2019

Нарын облустук телекомпаниясынын  “Актуалдуу маек” рубрикасы тарабынан уюштурулган   “Сот тутумунун  алкагындагы реформа: натыйжалар жана маселелер,-”  деген  теманын алдында  түз эфир көрсөтүүсү  уюштурулду. Ага Нарын шаардык сотунун тергөө судьясы Назира Сейдакмат  кызы менен Нарын облустук сотунун басма сөз катчысы  Барктабас Белеков катышты.


Теле эфирдин жүрүшүндө   2019-жылдын январь айынан баштап сот өндүрүшүндө колдонулуп жаткан жаңы кодекстер менен мыйзамдардын практикада колдонулушу,  сот тутумунун коомчулуктагы аброю, сот тутумундагы ачык-айкындуулук,    доо арыз менен кайрылуудагы мамлекеттик алымдардын ставкалары тууралуу жана башка бир катар маселелердин тегерегинде сөз болду.


Түз эфир көрсөтүүсүнүн жүрүшүндө, көрүүчүлөрдөн түшкөн айрым  суроолорго да жооптор  берилди. Уюштурулган теле көрсөтүү жарандардын укуктук билимдерин жакшыртуу багытындагы  иш чараларынын бири  катары өткөрүлүүдө.


           Б.Белеков.


      Нарын облустук сотунун


       басма сөз катчысы