KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Судьялар түз эфирде жарандарга түшүндүрмөлөрдү беришти

02 апреля 2020

Өлкөбүздө   азыркы    учурда     болуп    жаткан      кырдаалга      байланыштуу 2020-жылдын 31-мартында  Ысык-Көл областтык сотунун судьясы  Самар Ниязалиев, Каракол шаардык сотунун төрагасы Ильяс Иманбеков жана Каракол шаардык сотунун судьясы Айбек Токтобаев Ысык-Көл областтык медиа борборунда түз эфирде жарандарга маалымат беришти.


Телекөрүүчүлөргө өзгөчө кырдаалга байланыштуу ачык сот отурумдарын өткөрүү тартиби, коопсуздук эрежелери жана кимдер катыша алары жөнүндө түшүндүрмөлөр берилип, үйдөн чыкпастан телефон аркылуу кызыккан маалыматты алып,  өтүнүчтөрүн жана башка кайрылууларын электрондук почта аркылуу жөнөтүү сунушталды. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурларынын талаптарын аткарбаган адамдар үчүн кандай чаралар көрүлөрү айтылып, жарандардын бир катар суроолоруна жооп беришти.


Мындан тышкары, 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген кодекстердин сот өндүрүшүндө колдонулушу, алардын мурдагы мыйзамдардан өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктары, кандай жаңы институттар иш алып барып жатканы жөнүндө кеңири маалымат берилди.


Эфирдин соңунда судьялар телекөрүүчүлөрдү өлкөбүздө коронавирус инфекциясынын жайылып кетпешине өз салымдарын кошуп, эрежелер менен тартипти сактоого чакырып, эли-журтубузга бекем ден-соолук, аманчылык жана тынчылык каалашты.


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы


                                                                                               Гульзада Аширбаева