KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Талас облустук сотунун төрагасы жергиликтүү соттордун бөлүм башчылары менен жыйын өткөрдү

26 ноября 2021

Талас облустук сотунун төрагасы жана төраганын орун басарлары  Талас облусунун биринчи инстанциядагы соттордун бөлүм башчылары менен жыйын өткөрдү.


Жыйынга Талас облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев жана төраганын орун басарлары Омурлан Тункатаров менен Айнура Султаналиева бөлүм башчыларынан иш алып баруу боюнча Инструкцияны, иштерди жана соттук материалдарды туура тариздөөнү, аудио жана видео жазуу системасын колдонууну, сотто иштеген кызматкерлердин жумуш тартибин сактоону, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана облустук соттун суроо-талап каттары боюнча убагында жана тиешелүү түрдө жоопторду берүүнү, соттук материалдарды туура каттоону, мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө иштерди жана соттук материалдарды апелляциялык жана кассациялык инстанциядагы сотторго жөнөтүүнү талап кылды.


Мындан тышкары, жарандарды кабыл алуу соттун төрагасы тарабынан жүргүзүлүп, тиешелүү түрдө каттоо китеби түзүлөөрүн, сотто иштеген кызматкерлердин бири- бирин алмаштыруу жагын кароону, ошону менен бирге соттук аудит боюнча кеңири маалымат берилди.  Ошондой эле Мирлан Боромбаев  2022-жылдан баштап соттук аудит боюнча иш-чаралар жүргүзүлөөрүн кошумчалады.