KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Тоң райондук сотунда медиация кабинети ачылды

06 декабря 2019

Тоң райондук сотунун имаратында медиация кабинетинин ачылышы болду. Ага  соттун төрайымы  Асел Сыдыгалиева, соттун жамааты жана медиатор катышышты.


Төрайым соттун жамаатына медиатор Айсулуу Асыйканованы  тааныштырып, салтанаттуу түрдө иш бөлмөсүнүн ачкычын тапшырды  жана ишине ийгиликтерди каалады.


Кабинетте медиатордун тараптар менен маек куруусуна ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.  Анда жарандар үчүн медиацияны колдонуу жана анын артыкчылыктары жөнүндө маалыматтык материалдар даярдалып,  керектүү эмеректер коюлган.


Медиация – бул тараптардын талаш-тартыштарын ортомчу аркылуу чечип, эки тарапка тең ыңгайлуу чечим кабыл алууга көмөк көрсөтүүчү өзгөчө сүйлөшүүлөрдүн түрү болуп эсептелет. Элдешүү процедуралары чыр-чатактарды чечип, тараптардын мамилесин жакшыртуу жолдорун жөнгө салууга багытталган.  Медиация кабинеттери бул маселелерди чечүүдө абдан маанилүү роль  ойнойт. Себеби, ал жерде сырларды сактоого жана башка маселелер боюнча ыңгайлуу шарттар бар.