Кыргыз Республикасынын Жогорку соту өлкө аймагында COVID -19 коронавирустун учуру катталгандыгына байланыштуу коопсуздук чараларын күчөттү.
Бүгүндөн баштап Жогорку соттун имараты, сот отурум залдары, коридорлор жана бөлмөлөр толугу менен дезинфекцияланып, бардык кызматкерлер беткап менен камсыз болушат.
Ошондой эле, вирустун жугушун алдын алуу максатында Жогорку сотко келген тараптардан сөзсүз түрдө беткап менен келүүсүн жана коопсуздук чараларын көрүүсүн суранабыз.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту кадимки режимде иштөөнү уланта берерин жана коопсуздукту камсыздоо максатында сот отурумдарына тараптар — доогерлер, жоопкерлер, айыпталуучулар, жабырлануучулар жана алардын жактоочулары, өкүлдөрү, мамлекеттик айыптоочулар гана киргизилерин маалымдайбыз.
Буга байланыштуу башка жарандарды ачык сот отурумдарына катышуудан кармануусун суранабыз .