Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда О. Текебаев менен Д. Чотоновдун жактоочулары Ч. Джакупбекованын жана Т.Токтакунованын ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайрадан жаңыртуу өтүнүчү каралды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2019-жылдын 21-августундагы токтому менен Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 16-августундагы, Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 2-октябрындагы өкүмдөрү, КР Жогорку сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы токтому жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2019-жылдын 3-майындагы токтому жокко чыгарылды. Иш Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жаңы кароого жиберилди.