KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот адилеттигинин жогорку мектеби “Жарандык иштерди талдоо боюнча судьялар үчүн жумушчу ыкма” деген темада тренерлер үчүн тренинг өткөрдү

19 апреля 2019

18-апрелде Бишкек шаарындагы «Бриджес» отелинин конференц-залында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби «Борбордук Азия өлкөлөрүнүн укуктук мамлекеттүүлүгүнө көмөктөшүү» GIZ Программасы менен биргеликте «Жарандык иштерди талдоо боюнча судьялар үчүн жумушчу ыкма” деген темада тренерлер үчүн тренинг болуп өттү.


Саламдашуу сөздөрү менен Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Тургунбаева Раушанай Куттубаевна, жогоруда аталган Программанын Кыргызстандагы улуттук координатору  Мадалиев Рустам Каримович чыгышты.


Сот адилеттигинин жогорку мектебинин иш аракетинде окутуучулук талантка жана лекторлордукундай өркүндөтүлгөн тажрыйбага ээ болгон жогорку квалификациялык судьяларды жана сот тутумунун кызматкерлерин тартуу менен байланышкан иштер зор мааниге ээ. Ошондуктан, окутуу методикасы боюнча актуалдуу темаларда судьяларга жана сот тутумунун кызматкерлерине тренерлер үчүн тренингдерди өткөрүү Сот адилеттигинин жогорку мектебинин Окуу планына календардык  негизде  киргизилет.


Эл аралык тажрыйба алмашуу алкагында эл аралык тренер, Германия, Ганновердин Ылдыйкы Саксониянын округдук сотунун отставкадагы төрагалык кылуучу судьясы, Программанын эксперти,  -Томас Херманн чыкты.


Тренингдин программасы “реляция” жана “субсумация” сыяктуу укук нормаларын колдонуу методикасы менен тааныштырууну камтып, казустун негизинде түшүндүрүү үчүн практикалык сабактар өткөрүлдү.


Тренингдин аягында казусту талдоонун жыйынтыгы талкууланып,  сертификаттар тапшырылды.