KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков Нооруз майрамы менен сот тутумун  куттуктады

20 марта 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 20-мартында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков сот тутумун келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктады.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  төрагасы  Замирбек Базарбековдун Нооруз майрамына карата куттуктоо  сөзү.


Урматтуу кесиптештер жана аппарат кызматкерлери!


Баарыңыздарды  жандануу менен жаңылануунун, аруулануу менен тазаруунун, кечиримдүүлүк менен сабырдуулуктун  майрамы – Нооруз менен чын дилимден куттуктайм!


Быйыл Нооруз майрамы Орозо айына туш келип жатат. Орозо кармагандардын дуба-тилектери кабыл болсун!


Эзелтен ата–бабаларыбыз жер жарылып көк чыккан, күн менен түн теңелген ушул касиеттүү  күндү өзгөчө кастарлап, өзгөчө ыйык тутуп, бири – бирине   жаңы күн,  тунук пейил, таза ыйман менен куттуктап, сүмөлөк кайнатып, таттуу тилектерди  тилеп келген.


Нооруз – бул табияттын жаңылануусу.  Жер кулупуруп жаз келген  улуу майрам. Нооруз – адам жан дүйнөсүн тазартууга, жаман адаттан арылууга, адамдарды бири-бирине кечиримдүү болууга үндөгөн майрам!


Нооруз элибиздин бай маданияты менен улуу нарк-насилинин тээ тереңден келгендигин туюндуруп, аруулук, мээримдүүлүк, кол суна билүү сыяктуу түбөлүктүү баалуулуктарын эске салат.


Алдыбызда биз ашаар улуу белдер турат, ал үчүн каруубуз бир колдо, күчүбүз бир билекте чогуу болуп, ынтымактын, ырашкерликтин, биримдиктин туусун бийик көтөрүп, элибиз үчүн, жерибиз үчүн, жаркын келечек үчүн талыкпаган эмгек менен бирге баралы!


Наркыбызда нандын сынымы менен, суусундуктун сунуму менен, аттын жүрүмү менен, жолдоштун жоболоңун баамдаган экен кыраакы кыргыз урпактарыбыз.


Улустун улуу күнүндө үйүбүзгө кут конуп, ишибизди ийгиликтер жылоолоп, ынтымак-ырашкерлик коштоп, аманчылык жана тынчтык болсун.


Сиздерди дайыма ийгиликтер алга сүрөп, ырыскыңар артып, бекем ден соолук насип кылып, ынтымак ыроолоп, жакшылыктар эгиздеп, кубанычтар коштоп турсун!