KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков сот тутумунун ардагери Уметов Бейшебай Уметовичти акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты

10 апреля 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 10-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ичке-Жергез айылында сот тутумунун ардагери Уметов Бейшебай Уметовичти акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты.


Бейшебай Уметов менен коштошууга сот тутумунун ардагерлери, жергиликтүү соттордун судьялары, жакындары жана туугандары келишти.


Өз сөзүндө Замирбек Базарбеков Бейшебай Уметович судьялык кызматты аркалаган учурда өз ишин мыкты билген тажрыйбалуу юрист катары ишине жоопкерчиликтүү карап, сот тутумунун өнүгүшүнө салымын кошкондугун билдирди.


1999-жылы Каракол шаары менен Ак-Суу району бириктирилгендигине байланыштуу, Ак-Суу райондук сотунун төрагасы болуп дайындалган кезде, мен Бейшебай Уметовичтин орун басары болуп бирге иштешип калгам.


Адамкерчиликтүү, жөнөкөй, өз ишин мыкты билген жетекчи катары эсимде калды.


Сот тармагындагы ак ниет жана үзүрлүү эмгеги бааланып, мамлекет тарабынан “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи” наамы, “Даңк”, “Манас-1000” медалдары, “Юридикалык Академиянын эмгек сиңирген кызматкери” деген сыйлыктарга  ээ болгон.


Бейшебай Уметович судья болуп иштеген мезгилинде өзүн юридикалык сабаттуу жана принципиалдуу судья катары көрсөтө алды. Коллективди биримдикте жана ынтымакта жетектеп, ишти жогорку деңгээлде уюштурган. Бейшебай Уметович караган иштердин сапаты дайым жогорку  көрсөткүчтөрдү берип келген.


2003-жылы ардактуу эс алууга чыкканына карабастан,   Караколдогу юридикалык Академиянын студенттерине сабак, таалим, тарбия берип жүрдү.


Мыйзамдарды терең билген, кесиптик чоң тажрыйбасы бар, ошол эле учурда талапты катуу койгон жана принципиалдуу судья   катары  кесиптештеринин  эсинде калат.


Сот тутуму  Уметов  Бейшебай Уметовичтин  дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен  көңүл айтат.


Бейшебай Уметовичтин  жаркын элеси ар дайым биздин эсибизде сакталат.


Кош болуңуз Бейшебай Уметович!


Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун”, — деп сөзүн аяктады Жогорку соттун төрагасы.


Кошумчалай кетсек, Бейшебай Уметович 1938-жылы 5-майда Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылында туулган. Орто мектепти бүткөн 1956-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин юридика факультетине кирип, аны 1962-жылы аяктаган.  Ошол жылы Ак-Талаа райондук прокуратурасында, кийин Алай районуна которулуп, прокуратурада тергөөчү болуп иштеген.


1968-жылдан 1981-жылга чейин Ош, Ысык-Көл облустук прокуратурасында прокурордун жардамчысы кызматын аркалаган.


1981-жылы Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басарлыгына шайланган.


Ал эми 1983-1985-жылдары облустук юстиция бөлүмүнүн башчысы, 1985-жылын кайрадан облустук соттун төрагасынын орун басары болгон.


1990-жылдан 1999-жылга чейин  Каракол шаардык сотунун төрагасы кызматында эмгек өтөгөн.


1999-жылы Ак-Суу райондук сотунун төрагасы болуп дайындалып, 2003-жылы ардактуу эс алууга чыккан.