KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков Адвокаттар кеңешинин төрайымы Мейил Бегилерова менен жолугушту

24 апреля 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 24-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрайымы Мейил Бегилерова  менен жолугушту.


Жолугушууга Жогорку соттун Аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, Адвокаттар кеңешинин төрайымынын орун басары Асель Джаманкулова катышты.


Тараптар сот тутуму менен Адвокатуранын ортосундагы өз ара кызматташтык маселелерин талкуулашты.


Төрага өз сөзүндө,  соттук териштирүүгө катышуучулардын өз ара кесиптик жоопкерчилигин киргизүү жана күчөтүү аркылуу сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатууга, жарандардын жана юридикалык коомчулуктун жалпы маданиятын калыптандырууга багытталган бирдиктүү максатты тараптар көздөшө тургандыгын белгиледи.


Замирбек Базарбеков бул Меморандумда чагылдырылганын, ага Жогорку сот, Башкы прокуратура, Юстиция министрлиги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы кол койгондугун жана аталган документтин жоболорун аткарууну биргелешкен аракеттер менен активдештирүү зарылдыгын баса белгиледи.


Өз кезегинде Мейил Бегилерова конструктивдүү мамиле түзүү үчүн сот системасы менен активдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин ырастады, бул жыйынтыгында судьялардын да, адвокаттардын да кадыр-баркын көтөрүүгө мүмкүндүк берет жана ошондой эле сот процессинин катышуучуларынын укуктарын натыйжалуу коргоого өбөлгө түзөт.