KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Бишкек шаарындагы мектептер арасында ɵткɵрүлгɵн сынак жыйынтыкталды

15 ноября 2019

2019-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаардык сотунда Кыргыз Республикасынын Сот тутумунун 95-жылдык мааракесине жана Бүткүл дүйнөлүк адам укугун коргоо күнүнɵ карата №29 жана №33 укукту тереңдетип окутуу мектебинде окуган окуучулар арасында «Адам укуктары жана Кыргыз Республикасында алардын корголушу» аттуу темада сынак ɵткɵрүлдү.


Ɵткɵрүлгɵн сынакта аталган мектептердин окуучуларынын берилген тема боюнча жазылган эссе түрүндɵгү иштери кɵрсɵтүлүп, окуучулардын укуктук билим деңгээлин билүү максатында блицтурнир ɵткɵрүлдү.


Бул конкурста Бишкек шаардык сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери калыстык кылышты.


Аталган сынактын жеңүүчүлɵрү №29 мектептин окуучулары Л. Потапов, Д. Моше жана №33 мектептин окуучусу С. Усенканова грамоталар менен сыйланышты. Мындан сырткары баардык катышуучулар менен агартуучуларга кызыктыруучу белектер ыйгарылды.


Сынактын жыйынтыгында аталган иш-чарага калыстык кылган мүчɵлɵр: А.А. Алыбаев, К.У. Абдрахманова, Ж.С. Сабитова жана  Д.Ж. Молоев сɵз сүйлɵп, анда бүгүнкү катышкан окуучулардын кɵрсɵткɵн аракеттерине, билимдерине ыраазы болушуп, өсүп келе жаткан жаш муундарга татыктуу билим берип, жаштарды мамлекетти жана укуктарды коргоого чакырып, жаштардын маданиятын жогорулатууга салымын кошуп жаткан агартуучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.


 


 


Бишкек шаардык сотунун пресс кызматы   


А.Т. Жаасынова