KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Кара-Көл шаарында болду

22 марта 2023

Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Каныбек Токтосун уулу жана Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Алмаз Токтосунов Кара-Көл шаардык сотунун жаңы имаратын көрүп чыгышты.


Кара-Көл шаардык сотунун имараты жараксыз болгондуктан, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун демилгеси менен, Кара-Көл шаарынын мэриясы тарабынан Кара-Көл шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты сунушталган. Сот департаментинин Жалал-Абад областтык башкармалыгына Кара-Көл шаардык мэриясы жана Кара-Көл шаардык Кеңешинин депутаттары тарабынан 2022-жылдын 24-октябрында өткөрүлүп берилген.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2023-жылдын 13-мартындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун имараттарын куруу жана капиталдык оңдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна Караштуу Сот департаментинин 2023-жылга карата планы бекитилген. Аталган пландын тизмесине Кара-Көл шаардык соту дагы кирип, имаратка капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн каражат бөлүнгөн.


Каныбек Токтосун уулу жана Алмаз Токтосунов сот имаратында капиталдык оңдоо иштери башталаар алдында курулуш иштеринин планы менен танышып чыгышты.


 


Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов