KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жергиликтүү сотторго жаңы мыйзамдар жана анын өзгөчөлүктөрү тууралуу окуу өткөрүлдү

23 мая 2020

2020-жылдын 22-майында Жалал-Абад областтык сотунун жыйындар залында Жалал-Абад облусунун төраганын орун басарлары тарабынан жергиликтүү сотторго жаңы мыйзамдар жана анын өзгөчөлүктөрү  тууралуу окуу өткөрүлдү.


Аталган жыйынга Жалал-Абад областтык административдик, Жалал-Абад шаардык, райондук соттордун төрагалары жана судьялары катышышты.


Жалал-Абад областтык сотунун жазык жана жоруктар жөнүндө соттук коллегиянын төраганын орун басары Бактыбек Султанканов тарабынан Улуу жеңиштин 75 жылдыгына жана  апрель революциясынын 10 жылдыгына карата чыгарылган мунапыс мыйзамы боюнча талкуу  жүргүзүлдү.


Жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиянын төраганын орун басары Абдумиталип Абылакимов тарабынан мыйзамдарга жаңы киргизилип жаткан өзгөрүүлөр боюнча талкуу болду.


Административдик иштер боюнча соттук коллегиянын төраганын орун басары Токтосун уулу Каныбек экономикалык иштер райондук сотторго кароо үчүн өткөрүлгөндүктөн, экономикалык иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү жана кудретсиздик боюнча ишти кароодо колдонуучу мыйзамдар жөнүндө окуулар болуп, алар боюнча берилген суроолорго кеңири жоопторун алышты.


Жалал-Абад облустук сотунун төраганын орун басарлары, окууга келип катышкан судьяларга ыраазычылык билдиришип, ишинде ийгиликтерди каалашты.  Судьяларды жаңы мыйзамдарды практикада колдонууда пайда болгон суроолору боюнча областык сотко кайрылса болорун эске салышты.


 


                                                           Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз катчысы