Бүгүн, 2021-жылдын 19-июлунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова Бишкек шаарындагы эмдөө пункттарынын биринен коронавирус илдетине каршы вакцинанын экинчи дозасын алды.
Белгилүү болгондой, буга чейин COVID-19 илдетинен сактануу, алдын алуу жана жайылышына жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары, аппарат кызматкерлери жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлери коронавирус илдетине каршы эмдөөдөн өтүшкөн болчу.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Республикалык ыкчам штабка өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жакшыртуу максатында калкты эмдөө иштерин тездетүүнү тапшырган.
Учурда сот тутуму COVID-19 илдетине каршы активдүү эмдөөдөн өтүп жатышат.