2019-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин башчысы Кубанычбек Капалов Талас облустук сотунда болуп, жергиликтүү соттордун судьялары укук коргоо прокуратура органдары жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргелешкен жолугушуу жыйынын өткөрүштү.
Жыйында сот-укуктук реформасынын алкагында сот системасын санариптештирүү боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу талкуу жүрдү.
Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева мамлекетте жүргүзүлүп жаткан реформаларды ишке ашыруу үчүн судьялардын жергиликтүү бийлик органдары жана муниципалдык органдары менен тыгыз байланышта иш алып баруусу керектигин баса белгиледи.
Жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү биргелешкен жыйын уюштуруп жатканы үчүн төрайымга ыраазычылык билдиришип, кызматташууга кызыктар экендигин айтышты.
Жолугушуунун соңунда Г. Калиева жыйындын катышуучуларынын иштерине ийгилик каалап, сот тутуму менен жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы тыгыз мамилени бекемдеп, биргелешип иш алып баруу зарылчылыгын кошумчалады.